Өзгөн райондук Калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылган жарандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу борбордун иштөө тартибине убактылуу өзгөртүү киргизилгендигин маалымдайбыз.
2026-жылдын 14-июлунан 17-июлуна чейин Калкты тейлөө борбору жарандарды төмөнкү график боюнча кабыл алат:
🕗 Иштөө убактысы: 08:00дөн 18:00гө чейин
📅 Мөөнөтү: 14–17-июль 2026-жыл
📍 Өзгөн райондук Калкты тейлөө борбору
Көрсөтүлгөн күндөрү борбор саат 08:00дөн 18:00гө чейин үзгүлтүксүз иш алып барат.
Урматтуу жарандар, Калкты тейлөө борборуна кайрылууда убактыңыздарды алдын ала пландап, көрсөтүлгөн иш графигин эске алууңуздарды суранабыз.
Куршаб айыл өкмөтү