Куршаб айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Ардагерлер кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жыйын өткөрүлдү.

723747185 122170628132803262 3008618908847235665 n

Жыйында ушул күнгө чейин Ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп үзүрлүү эмгектенип келген Аман Момунов өз арызынын негизинде төрагалык кызматын өткөрүп берди.

Кеңеш мүчөлөрүнүн бир добуштан кабыл алган чечими менен Куршаб айылынын кадыр-барктуу инсаны, ардактуу атуулу, эмгек сиңирген мугалим жана бир катар медалдардын ээси Абдимиталип Бакиров Ардагерлер кеңешинин жаңы төрагасы болуп шайланды.

Жыйынга Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Сактан Келдибаев катышып, аксакалдарга жылуу каалоо-тилектерин билдирди.

«Айылыбыздын төрүнүн көркү болуп, элибизге ак батасын берип келе жаткан аксакалдарыбыз аман болуңуздар. Сиздердин акыл-насаатыңыздар жана турмуштук тажрыйбаңыздар айылдын өнүгүшүнө ар дайым чоң салым кошот», — деди айыл өкмөтүнүн башчысы.

Ошондой эле Сактан Келдибаев жаңы шайланган Ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдимиталип Бакировду куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады. Көп жылдар бою кеңештин төрагасы болуп эмгектенген Аман Момуновго аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.

Жыйын жылуу маанайда өтүп, аксакалдардын ак батасы менен жыйынтыкталды.

Куршаб айыл өкмөтүнүн маалымат катчысы
Аматова Нуржамал Маканбаевна

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген