Куршаб айыл өкмөтүндө Акматалы Карыбеков атындагы ички көчө жолун оңдоо иштери аяктап, жол пайдаланууга берилди.
Жолду оңдоо иштери Куршаб айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржыланып, көчөнүн жол катмарын жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында жүргүзүлдү.
Аталган жолдун оңдолушу унаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз жүрүүсүнө, ошондой эле айылдын ички инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Куршаб айыл өкмөтү аймактагы ички жолдорду оңдоо жана инфраструктураны жакшыртуу багытындагы иштерди мындан ары да улантат.



