Туруктуу комиссиялар

Жергиликтүү кеңеш

Туруктуу комиссиялар

Куршаб айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы, иш багыттары, негизги милдеттери жана комиссия мүчөлөрүнүн укуктары жөнүндө маалымат.

4 Туруктуу комиссия
28 Комиссия мүчөлөрү
4 Комиссия төрагалары

Туруктуу комиссиялардын курамы

№1 комиссия

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, каада-салт, дин, тил, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссия

Комиссиянын төрайымы
Чолпонкулова Жумагүл
Юдина Валентина Андреевна
Талипов Каныбек
Машрапова Үмүт
Касымова Кенжекан
Мадымаров Тынчтык
Муратова Занийпа
№2 комиссия

Финансы, бюджет, өнөр жай, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссия

Комиссиянын төрагасы
Жумаев Байыш
Мадымаров Айбек
Абдибали уулу Шергазы
Аширов Бектурсун
Эргешова Айнур
Алимжан уулу Майсалбек
Турдиева Рыскан
№3 комиссия

Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, Регламент, этика жана мандат боюнча туруктуу комиссия

Комиссиянын төрагасы
Суранбаев Айбек
Джумаев Улук
Мусурманкулова Гүлнар
Шерматова Акылай
Төрөгелдиев Урматбек
Кыпчакбаев Афтандил
Узакова Асел
№4 комиссия

Айыл жана суу чарба, экология, ветеринария, жайыт, турак жай, жер, жерге жайгаштыруу жана тазалык боюнча туруктуу комиссия

Комиссиянын төрагасы
Каримов Бекболот
Каратаева Арзикан
Турдубаев Момун
Кочкоров Атакул
Ташибек уулу Кенжекозу
Шерматов Кантемир
Алтынбеков Демирел

Туруктуу комиссиялардын иш багыттары жана милдеттери

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүргүзүп, тиешелүү корутунду же чечим менен аларды айылдык кеңештин кароосуна киргизет.

  • Тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча сунуштарды айылдык кеңешке киргизет.
  • Айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролду жүзөгө ашырат.
  • Өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн тартууга укуктуу.
  • Айылдык кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугун аныктоо максатында аларга туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт жана баа берет.
  • Өз карамагына кирген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу.
Комиссиялардын ишинин чеги

Туруктуу комиссиялар өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.

Комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары

  1. Комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат.
  2. Комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссия мүчөлөрүнө маалымдайт.
  3. Комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы жана айылдык кеңештин төрагасы менен бирдикте бир жылдык иш планын түзөт.
  4. Комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун комиссия мүчөлөрү менен бирдикте түзөт.
  5. Комиссиянын жыйынын чакырат жана керектүү документтерди, материалдарды даярдоону уюштурат.
  6. Комиссиянын ишине байланыштуу документтер жана материалдар менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат.
  7. Жыл сайын айылдык кеңештин сессияларында комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчет берет.

Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү

Комиссия мүчөлөрүнүн укуктары

  1. Комиссиянын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө.
  2. Иш планы, күн тартиби жана каралуучу маселелер боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди билдирүүгө.
  3. Каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.
  4. Комиссиянын чечимдеринин жана корутундуларынын долбоорлоруна сунуштарды киргизүүгө.
  5. Өз сунуштарын негиздеп чыгып сүйлөөгө жана маалымат берүүгө.
  6. Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.

Комиссия мүчөлөрүнүн милдеттери

  1. Айылдык кеңештин Регламентинин жоболорун сактоого.
  2. Өзү мүчөсү болгон туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга.
  3. Жыйынга жүйөлүү себеп менен катыша албаган учурда комиссиянын төрагасына жазуу жүзүндө билдирүүгө.
  4. Айылдык кеңештин жана анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелер боюнча иш-чараларга катышууга.
  5. Кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга жана комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген