Муниципалдык кызмат акылары
- Башкы
- Муниципалдык кызмат акылары
Муниципалдык кызмат акылары
«Куршаб-Өнүгүү» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жана алар боюнча белгиленген төлөмдөр жөнүндө маалымат.
Муниципалдык ишкана Куршаб айыл аймагында тиричилик калдыктарын чыгаруу, жайыттарды пайдалануу жана таза суу менен камсыздоо багыттарында кызмат көрсөтөт.
Тиричилик калдыктарын чыгаруу
Жеке жарандардан, коммерциялык жана бюджеттик мекемелерден чыккан тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат акысы.
Жайыттарды пайдалануу акысы
Жайыттарды пайдалануу үчүн малдын түрүнө жараша белгиленген төлөмдөр.
Таза суу менен камсыздоо
Таза суу түтүктөрү толугу менен бүткөрүлө электигине байланыштуу Кара-Тарык булагынан тартылып келген суу үчүн калктан төлөм алынат.
Башка муниципалдык кызматтар
Сугат суу боюнча төлөм алынбайт. СПА Өзгөн суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Атайын техникалар айыл өкмөтүнүн жана тазалык ишканасынын жумуштарын гана аткарат. Өзүнчө кызмат көрсөтүү тарифи бекитилген эмес.
Көрсөтүлгөн төлөмдөр «Куршаб-Өнүгүү» муниципалдык ишканасынын тиешелүү кызматтарына карата колдонулат. Тарифтер боюнча кошумча маалымат алуу үчүн муниципалдык ишканага же Куршаб айыл өкмөтүнө кайрылууга болот.