Муниципалдык мекемелер

Айыл өкмөтү

Муниципалдык ишканалар

Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишканалар аймактын коммуналдык, санитардык жана чарбалык маселелерин чечүүгө багытталган кызматтарды көрсөтөт.

Муниципалдык ишкана

«Куршаб-Өнүгүү» муниципалдык ишканасы

«Куршаб-Өнүгүү» муниципалдык ишканасы Куршаб айыл аймагында калкка коммуналдык жана чарбалык кызматтарды көрсөтүү, тазалык иштерин жүргүзүү, тиричилик калдыктарын чыгаруу жана жайыт пайдалануучулардын маселелери боюнча иш алып барат.

Ишкананын негизги ишмердүүлүгү

01 Аймактын тазалыгын камсыздоо

Куршаб айыл аймагында санитардык тазалыкты камсыз кылуу багытындагы иштерди жүргүзүү.

02 Тиричилик калдыктарын чыгаруу

Жеке жарандардан, мекемелерден жана ишканалардан чыккан катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана полигонго жеткирүү.

03 Таштанды полигонун тейлөө

Катуу тиричилик калдыктары жайгаштырылуучу полигондо тазалоо, сүрдүрүү жана көмүү иштерин жүргүзүү.

04 Жайыттарды пайдалануу

Аймактагы жайыт пайдалануучулардын ишин уюштуруу жана жайыт маселелерин жөнгө салууга көмөктөшүү.

05 Таза суу багыты

Аймактагы таза суу менен камсыздоо боюнча тиешелүү иштерге катышуу жана суу объектилери боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү.

06 Атайын техникаларды пайдалануу

Муниципалдык жана тазалык иштерин аткарууда ишкананын атайын техникаларын пайдалануу.

Ишкананын жетекчиси

Эгемкулов Расулбек Ташибекович
Директор

Эгемкулов Расулбек Ташибекович

«Куршаб-Өнүгүү» муниципалдык ишканасынын директору
1962-жыл
2-ноябрда Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагына караштуу Шагым айылында төрөлгөн.
Билими
Куршаб айылындагы Ворошилов атындагы орто мектепти аяктаган. 1983-жылы Алматы шаарындагы Казак политехникалык институтуна тапшырып, 1989-жылы аяктаган.
1989–1991
Ош долбоордук-изилдөө конторасында инженер-геолог жана прораб болуп иштеген.
1990–1993
Куршаб РАП ишканасында прораб болуп иштеген.
1993–1996
Түштүк Кыргызстан базарлар башкармалыгынын курулуш тармагында башкы адис болуп иштеген.
2016–2021
Айылдык кеңештин депутаты болуп, ошол эле учурда тазалык ишканасын жетектеген.
2024-жылдан тартып
«Куршаб-Өнүгүү» муниципалдык ишканасынын жетекчиси.

Байланыш маалыматы

Жетекчи
Эгемкулов Расулбек Ташибекович
Телефон
Электрондук почта
Дареги
Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айыл аймагы
Ишкананын максаты

«Куршаб-Өнүгүү» муниципалдык ишканасынын негизги максаты — Куршаб айыл аймагында коммуналдык жана чарбалык кызматтарды уюштуруу, калктуу конуштардын тазалыгын камсыз кылуу, тиричилик калдыктарын өз убагында чыгаруу жана жергиликтүү маанидеги чарбалык маселелерди чечүүгө көмөктөшүү.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген