Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өлкө аймагында айыл чарбасын каттоо иш-чарасы өткөрүлүүдө. Анын алкагында Куршаб айыл аймагында да айыл чарбасын каттоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ушуга байланыштуу бардык тургундарды каттоо иш-чарасына жоопкерчилик менен мамиле жасап, активдүү катышууга чакырабыз.
Каттоочулар үйүңүздөргө барып, белгиленген суроолор боюнча маалымат сураган учурда, так, туура жана толук маалымат берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Берилген маалыматтар айыл чарба тармагынын учурдагы абалын так аныктоого, келечектеги өнүгүү багыттарын пландаштырууга жана мамлекеттик программаларды туура түзүүгө жардам берет.
Каттоого катышуудан күмөн санабай, чочулабай, керектүү маалыматтарды так берүү — жалпы аймагыбыздын өнүгүүсүнө кошулган маанилүү салым.
Куршабдын эртеңи — бүгүнкү так маалыматтан башталат!
Аймагыбыздын келечеги жана туруктуу өнүгүүсү үчүн ар бириңиздерди кайдыгер болбой, айыл чарбасын каттоо иш-чарасына жигердүү катышууга чакырабыз.
Куршаб айыл өкмөтү