Улуу Жеңиш майрамынын урматына Куршаб айыл аймагында улуу муун өкүлдөрүнө өзгөчө көңүл бурулуп, алардын өлкөбүздүн тынчтыгы жана келечеги үчүн жасаган эмгеги, кайратмандыгы жана сабыры терең урмат менен эскерилди.

690614630 122166909710803262 1272803071818394334 n

Майрамдын алкагында Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Сактан Келдибаев айыл аймагыбыздын эң улуу жана кадырлуу энелеринин бири, тылдын ардагери Нарботоева Идеат эненин үйүнө атайын барып, Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Жолугушуу жылуу жана жүрөккө жакын маанайда өттү. Айыл өкмөтүнүн башчысы ардагер энеге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана урпактарынын сый-урматында жүрүүсүн каалап, анын көп жылдык ак эмгеги жана өлкөнүн оор мезгилдериндеги талыкпаган эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Идеат энеге айыл өкмөтүнүн атынан урмат-сый көрсөтүлүп, акчалай белек тапшырылды.

Өмүрүнүн көп бөлүгүн ак эмгекке, үй-бүлөгө жана коомго арнаган Идеат эне өзүнө көрсөтүлгөн көңүлгө ыраазы болуп:

«Мени жашартып, сүйүнтүп койдуңар. Аман болгула, элим тынч болсун», — деп ак батасын берди.

Улуу муундун өкүлдөрү — тарыхыбыздын тирүү күбөлөрү. Алардын басып өткөн өмүр жолу, эмгеги жана турмуштук тажрыйбасы кийинки муун үчүн чоң сабак жана баа жеткис мурас болуп саналат.

Бүгүнкү тынч жана бейпил жашоонун артында дал ушундай энелердин талыкпаган эмгеги, чыдамкайлыгы жана мекенге болгон сүйүүсү турат. Согуш жылдарында тылда эмгектенип, элдин жашоосун камсыз кылууга салым кошкон ар бир адамдын эмгеги тарыхта өзгөчө орунда турат.

Улуу Жеңиш — бул бир гана тарыхый дата эмес. Бул — ата-бабаларыбыздын эрдигин, энелерибиздин сабырын жана улуу муундун мекен үчүн жасаган эмгегин эскерип, аларга ыраазычылык билдире турган ыйык күн.

Ардагерлерибиздин жана тыл эмгекчилеринин өмүр жолу жаш муун үчүн патриоттуулуктун, эмгекчилдиктин жана мекенге берилгендиктин үлгүсү болуп кала берет.

Ардагерлерибиз бар болсун! Алардын ак батасы элибизден кетпей, ар бир үйдө тынчтык, ынтымак жана береке болсун.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген